Пятница, 22 ноября

El Pais: Грек полициясы мигранттардын 2 миллион евродон ашык акчасын тоногон

0

Испаниянын гезиттеринин бири болгон El Pais грек полициясынын 2017-2022-жылдар аралыгында Түркияга кайтарылган мыйзамсыз мигранттардан 2 миллион евродон ашык акча жана баалуу буюмдарын тоногон.

Гезит грек маалымат сайты Solomon менен кызматташтыкта ​​жүргүзүлгөн изилдөөдө мыйзамсыз мигранттар, түрдүү бейөкмөт уюмдар, мекемелер, адистер жана Мерич (Марица) дарыясынын чек арасында жашагандар менен маектер өткөрүлгөнүн баса белгилеген.

Испаниялык гезит 2017-2022-жылдар аралыгында Грециянын коопсуздук күчтөрү тарабынан Мерич чек арасынан 20 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант Түркияга кайтарылганын жазган.

Грециядан Түркияга кайтарылган 374 учурдун 232синде уурулук болгону белгиленди.

«Иликтөөнүн жыйынтыгы уурулукту Грециянын бийликтери жасаганын ачык көрсөттү» — делген кабарда, Европа Биримдигинин чыгыш чек арасы болгон Грецияга тартипсиз түрдө кирген иммигранттардын башпаанек өтүнүчү же камоо документтери жазылбастан, полиция бөлүмүнө, аскер казармаларына же бош кампаларга алып келинген бул кишилердин зордук-зомбулук мамилесине туш болушканын жазган.

Кабарда «Мыйзамсыз иммигранттар үйлөмө кайыктар менен Түркияга жөнөтүлгөнгө чейин алардан акчасы жана буюмдары алынган. Топтолгон маалыматтарга караганда, акыркы 6 жылда Грециянын коопсуздук күчтөрү 2 миллиондон 2,8 миллион еврого чейин акча же уюлдук телефондору, шакектери, сөйкөлөрү, билериктери, сааттары сыяктуу баалуу буюмдарды тоногон. Аймакта иштеген бейөкмөт уюмдарда катталбаган маалыматтарды эске алганда бул сумма алда канча көп болушу мүмкүн»- деп айтылат.

Докладда мыйзамсыз мигранттарды талап-тоноо системалуу тактикага айланганы баса белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз