Четверг, 9 мая

Испанияда адаттан тыш распиратордук вирус таралууда

0

Испанияда күз-кыш мезгилинде экинчи жолу көрүнгөн сасык тумоонун толкуну адистер тарабынан респиратордук вирустарда адаттан тыш бир абал катары бааланды.

Өлкөдө ноябрь-декабрь айларындагы «А гриппинин» толкунунан кийин февраль айында «В гриппинин» толкуну башталды.

Карлос III Саламаттыкты сактоо Институту В толкуну жөнүндөгү баяндамасында адатта жазга карай азайышы күтүлгөн сасык тумоо учурларынын азыр көп кездешүүсүнүн жана күз-кыш мезгилинде эки сасык тумоо толкунунун бар экендигинин «өзгөчө мүнөзүнө» көңүлдөрдү бурду.

Маалыматка ылайык, 20-26-февраль аралыгында ар бир 100 миң кишиден 258 сасык тумоо учуру катталса, февраль айынын орто ченинде бул сан 270 болгон.

Эксперттер коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) байланыштуу көрүлгөн чаралардын таасири менен организмдин башка вирустарга каршы туруктуулугу азайганын айтышууда.

Сасык тумоонун В толкуну өзгөчө 15 жашка чейинки балдарда байкалаары айтылды.

Сасык тумоонун В толкунунун Испания сыяктуу Францияда да жогорку деңгээлде экени айтылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз