Бүгүн, 15-марттан тарта, Бишкек менен Чүйдө көчмө аппараттык-программалык комплекстер иштей баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Мындай иштер жол кырсыктарын алдын алуу жана ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында жасалат.
Аппараттык-программалык комплекстер турчу жолдорго атайын эскертүү белгилери орнотулду.