Пятница, 19 апреля

Мэрия таштанды өрттөгөндөргө айып пул сала баштайт

0

Бишкек шаардык мэриясы калаа тургундарына кайрылып, таштандыларды жана жалбырактарды өрттөбөөгө чакырды.

Муниципалитет жаздын келиши менен ишембиликтер башталгандыгына байланыштуу акыр-чикирди, жалбырактарды кадимки таштанды контейнерлерине таштоо керектигин эскертет. Ал жерден «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери алып кетет.

«Жалбырактарды жана башка заттарды өрттөөгө тыюу салынат. Андан чыккан түтүндүн адам ден соолугуна зыяны чоң. Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен тартип бузуучуларга муниципалдык инспекция тарабынан жеке жактарга 7 500, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынып, протоколдор түзүлөт», — деп айтылат мэриянын эскертүүсүндө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз