Четверг, 9 мая

Аксайга акысыз маршрутка каттай баштады

0

Баткен шаарынан Ак-Сай айылына акысыз маршрутка каттай баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маршруттук каттам күн сайын эртең менен саат 08:40да Баткенден Аксай айылына, ал эми кечинде саат 17:00дө Аксай айылынан Баткен шаарына жөнөйт.

Белгилей кетсек, буга чейин Аксай айылынын тургундары облус башчысына аталган маршрут боюнча каттам уюштуруу маселеси менен кайрылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз