Суббота, 4 мая

Түндүк Кипр Түрк Республикасы Түрк Мамлекеттер Уюмуна кирүүгө аракет кылууда

0

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу, күн келгенде ТКТР байкоочу мүчөлүктөн Түрк Мамлекеттер Уюмуна (TМУ) толук мүчөлүккө өтө турганын айтты.

Өткөн жума бейшемби күнү баш калаа Анкарада өткөрүлгөн ТМУнун кезексиз саммитине катышкан Эртугрулоглу, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын саммитте байкоочу мүчө болушуна байланыштуу Анадолу агенттигине баа берди.

Эртугрулоглу, ТКТРдин конституциялык аты жана желеги менен ТМУда болушунун абдан маанилүү экенин айтып: «Бул биз үчүн абдан баалуу, абдан тарыхый мүчөлүк»,-деди.

ТМУнун тышкы иштер министрлер саммитине катышканын эске салган Эртугрулуоглу: «Ошондой эле, бул мүчөлүктү кабыл албаган коомчулуктун, айрыкча Кипрдин Рум тарабынын колдоочусунун бул мүчөлүктү токтотуу аракети күчөп жатканын билебиз, бирок бул мүмкүн эмес. Бул мүчөлүк ишке ашты жана уланат жана күн келип, байкоочу мүчөлүктөн толук мүчөлүккө өтүү болот», — деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз