Четверг, 9 мая

Түштүк Корея менен АКШ Түндүк Кореяга сүр көрсөтүүдө

0

Түштүк Корея менен АКШ Түндүк Корея чек арасына жакын аймакта өткөргөн аскердик машыгууда чыныгы ок-дарыларды колдонду.

Йонхаптын берген кабарына караганда, Түштүк жана Түндүк Корея чек арасындагы Аскерлерден тазаланган аймактын 30 километр түштүгүндөгү Почеон шаарынын чек арасында чыныгы ок-дарыларды колдонгон аскердик машыгууга 100 гаубица, көп сандаган бронетехника жана 800 аскер катышты.

Түштүк Корея менен АКШнын ортосунда өткөрүлгөн биргелешкен аскердик машыгууда эки өлкөнүн аскерлеринин бирдикте иштей алышы жана бириккен ок атуучу күчүнө басым жасалганы белгиленди.

Түштүк Корея армиясынын жетекчилери машыгуунун «Түндүк Кореянын уланып жаткан коркутууларына жооп иретинде союздаштардын ок атуучу күчүн көрсөтүү максатында болгондугун»  билдиришти.

Түштүк Корея менен АКШнын ортосунда 14-мартта башталган «Эркиндик калканы» машыгуусунан кийин ракета сыноолорун көбөйткөн Түндүк Корея 20 —  мартта да ядролук контрчабуул машыгуусун өткөргөнүн жарыялаган.

Пхеньян башкаруучулугу айдын башынан бери 6, жыл башынан бери 20дан ашуун ракета сыноосун өткөрдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз