Суббота, 27 апреля

ИИМ Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин жетекчилигин толук кызматтан алды

0

Ички иштер министрлигиндеги ыкчам өткөрүлгөн коллегия коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, жүктөлгөн кызматтык милдеттерди татыктуу денгээлде так жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү жетиштүү деңгээлде аткарбагандыктары, жетекчилик курам арасында уюштуруу-башкаруучулук иштердин начардыгы жана кемчиликтери аныкталып, кол алдындагы кызматкерлердин коррупциялык көрүнүштөргө жол берилип, пара алуу фактыларынын орун алгандыгына байланыштуу атайын чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

 Кызматынан бошотулгандар:

— Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальниги, милициянын полковниги Мирлан Ниязалиев,

— Биринчи Май РИИБдин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Улан Орозалиев,

— Биринчи Май РИИБдин начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Эрмек Момуналиев,

— Бишкек шаарынын ИИББнын КИБдин начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Улан Бектемишов.

Жогоруда айтылган талаптарды аткарбагандыгы үчүн катуу сөгүш жарыяланган кызматкерлер:

— Бишкек шаарынын ИИББнын начальниги милициянын  Азамат Ногойбаевге;

— Бишкек шаарынын ИИББнын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошовге;

— Бишкек шаарынын ИИББнын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Данияр Рыскуловго;

— Бишкек шаарынын ИИББнын Кадрлар Бөлүмүнүн начальниги, милициянын майору Айбек Ибраимовго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы;

— ИИМдин ички иликтөөлөр бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Таалайбек Турганбаевге;

— Бишкек шаарынын ИИББнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Улан Бердибаевге.

Ошондой эле министрдин буйругу менен милициянын полковниги Тилек Тюкебаев Бишкек ШИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи Май РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

Милициянын полковниги Айбек Ажыбаев Чүй ОИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматына келди.

Милициянын полковниги Талантбек Асаналиев Чүй ОИИББнын карамагында турган, Бишкек ШИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматына дайындалды.

Милициянын полковниги Нурмат Давлетов ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун санариптик көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Ал эми Чүй ОИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу милициянын полковниги Руслан Аралбаевге, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальнигинин кадр боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу милициянын подполковниги Мирлан Казымбековго жүктөлдү.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз