Пятница, 17 мая

Шотландияда биринчи жолу мусулман саясатчы премьер-министр болду

0

Шотландия Улуттук партиясынын (SNP) жаңы лидери Хамза Юсуф Шотландиянын автономиялык парламенти Холируддагы  добуш берүүдөн кийин Шотландиянын биринчи мусулман премьер-министри болду.

Шотландиянын аймактык премьер-министри жана Шотландия Улуттук партиясынын  төрагасы Никола Стержеон премьер-министрликтен да, партия лидерлигинен да кеткенден кийин башталган лидерлик жарышында Хамза Юсуф утуп чыккандан кийин кечээ Шотландия парламентинде добуш берилди.

Пакистан тектүү мусулман Хамза Юсуф парламенттеги добуш берүүдө 71 добуш менен парламентте көпчүлүк добушка ээ болду. Ушундайча Хамза Юсуф Шотландиянын аймактык жаңы премьер  — министри болду.

Хамза Юусуфтун атасы пакистандык жана 1960-жылдары Шотландияга көчүп келген энеси болсо Кенияда түштүк азиялык бир үй-бүлөнүн баласы катары төрөлгөн.

Никола Стержеон кечээ премьер-министрликтен да, партиянын лидерлигинен да  кеткенден кийин башталган лидерлик жарышында пакистандык мусулман Хамза Юсуф утуп чыкты.

Шотландия Улуттук партиясынын 1мүчөлөрү тарабынан 3-мартта башталган жана 14 күнгө созулган  добуш берүүдөн кийин жарыштан 26 миң 32 добуш менен утуп чыккан Юсуф партиянын жаңы лидери болду.

Шотландиянын Глазго шаарында төрөлгөн пакистандык 37 жаштагы Хамза Юсуф атаандаштары Кейт Форбс менен Эш Реганды артка калтырып, партия мүчөлөрүнүн 52 пайыздык добушун алды.

Хамза Юсуф жыйынтыктар жарыялангандан кийинки билдирүүсүндө алгач партиясы менен бир команда болуп Шотландияга эгемендүүлүктү алып келүүгө «чечкиндүү» экендигин билдирди.

Шотландия элинин эгемендүүлүккө мурдагыдан дагы көп муктаж экенин баса белгилеген Юсуф: «Биз муну түзө турган  муун болобуз», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз