Суббота, 20 апреля

Министрлик мектептерде акча чогултууга тыйуу салууга камданууда

0

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде акча чогултууга тыюу салууну каалайт. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Министрлик билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салууну сунуштоодо. Мыйзамсыз өндүрүп алуу үчүн жеке жактарга жана кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндө айып салынат.

Мамлекеттик жана акысыз билим алуу укугун бузгандыгы же мыйзамсыз чектөөсү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын окуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгы же мыйзамсыз чектөөсү же бул укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашыруунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жеке адамдарга жана кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүчтүн (15 миң сом), юридикалык жактарга — 300 эсептик көрсөткүчтүн (30 миң сом) өлчөмүндө айып салуу сунушталууда.

Баланы электрондук кезек системасы аркылуу бала бакчага кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүчтүн (17500 сом), кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүчтүн (20000 сом) өлчөмүндө айып салуу сунушталууда.

Электрондук эсепке алуу системасы аркылуу кезек келгенден кийин 6-7 жашка чейинки мектеп жашына жеткен баланы мектепке кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүчтүн (15 миң сом), кызмат адамдарына — 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндө айып салынат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз