Вторник, 21 мая

Жалал-Абадда 2010-жылы курман болгондор эскерилди

0

Жалал-Абад шаарында 7-апрель — Элдик революциясында курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Эскерүү иш-чарасы бүгүн, 6-апрелде Жалал-Абад шаарынын «Эркиндик» аянтында өттү. Ага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, тургундар, окуу жайлардын мугалимдери жана студенттер катышты.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков 13 жыл мурда бул күнү кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя орун алганын белгилеп, ар дайым эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылышы керектигин айтты.

Эскерүү иш-чарасында Апрель революциясында курман болгондордун эскерүү тактайчасына гүлчамбар коюлуп, куран окулду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз