Воскресенье, 28 апреля

Нарындын тургуну унаасы менен сууга түшүп кетти (Видео)

0

Нарында алтын комбинаттын жумушчусу жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 5-апрелде саат 16:40да Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы Ж.А. аттуу жумушчусу жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык катталган жерге Нарын шаары жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу Солтон-Сары жайлоосуна саат 17:10до чыгып, 20:30да жерине жетишкен.

«Куткаруучуларга кошумча 6-апрелде таңкы саат 6:00дө аталган кырдаалды координациялоо үчүн ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан, Нарын шаары жана Нарын району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн суучул-куткаруучусу жана 5 кызматкер жөнөтүлдү», — деп билдирет министрлик.

Учурда жумушчуну суудан чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз