Пятница, 3 мая

SITE 2024 конференциясы Стамбулда өтөт

0

Түркияда жарандарды туризмге шыктандыруу, кызыктыруу, дем, мотивация берүү менен активдүү алектенип келе жаткан Incentive Travel Excellence коому (SITE) 2024-жылдагы глобалдык  конференциясын Стамбулда өткөрөт. Иш-чара кийинки жылдын 26-29-февраль күндөрү уюштурулат.

SITE коомунун жарым жылдык тарыхы бар. Акыркы 50 жылдан бери туризмге дем берүүчү уюм катары иштеп келе жатат. Ассоциациянын дүйнөнүн 90 өлкөсүндө 2500дөн ашык мүчөсү, ошондой эле 27 жергиликтүү жана аймактык филиалдары бар. Түркия да ассоциациянын Европадагы сектордук мотивациялоочу күчү кеңири жайылган өлкөлөрдүн катарына кирет.

SITE дем берүүчү туризмдин таасирин максималдуу түрдө көбөйтүү, бул сегменттин мүчөлөрү, адистери менен эң мыкты чечимдерди кабыл алуу,  глобалдык байланыштарды бириктирүү аркылуу сектордун өнүгүүсүнө салып кошууну көздөйт.

Уюм тармактык аракеттер, онлайн ресурстар, окутуу жана сертификаттоо аркылуу дүйнөлүк жана жергиликтүү филиалдарын өнүктүрүү аракетин көрүп келе жатат.

SITEнин Стамбулда өтө турган эл аралык конференциясына дүйнө жүзү боюнча саякат жана дем берүүчү туризм адистери чогулат. Жыйынга келген туризм мыктылары бул тармактын келечегин калыптандыруу, бекемдөө жана байланыштарды чыңдоо ошондой эле окуу, ачылыш жана кызматташуу каналдарын түзүү жолдорун талкуулашат.

Глобалдык конференциянын катышуучулары тармактык коммуникация, маанилүү байланыштарды түзүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү биринчи колдон үйрөнүү сыяктуу артыкчылыктарга ээ болушат.

SITEнин ири туристтик жыйынына Түркияда алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Конференцияга Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британия, Канада, Ирландия, Франция, Швейцария, Испания, Мексика, Германия, Аргентина, Аруба, Австрия, Австралия, Багама, Бельгия, Бразилия, Кайман аралдары, Кытай, Хорватия, Коста-Рика, Чехия, Египет, Венгрия, Исландия, Индия, Израил, Италия, Латвия, Нидерланды, Панама, Португалия, Шотландия, Сингапур, Словения, Тайвань, Таиланд, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары , Зимбабве жана Япониядан атайын мүчөлөр катышышат. Ошондой эле 500дөн ашуун тармактын адистери келет.

Үч күнгө созула турган иш-чара конференция жана тармактык секцияларды камтыйт. Жыйындын жүрүшүндө дүйнө боюнча мыкты туризм менеджер катары аты чыккан эксперттер лекция окуйт. Катышуучулар бул тармактагы акыркы тенденциялар менен таанышып, кесиптештери менен пикир алышат. Тажрыйба, билгендерин бири-бири менен бөлүшүшөт.

SITE Глобалдык конференциясы дүйнөнүн төрт бурчунан келген  катышуучуларга Түркияны жакындан таанытууга шарт түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз