Четверг, 25 апреля

Ош облусуна жаңы жетекчи Ысык-Көлдөн барды (Резюме)

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев президенттин Ош облусундагы жаңы өкүлү болуп дайындалган Элчибек Жантаевди облус автивине тааныштырды.

Президенттин облустагы өкүлчулүгүнөн билдиришкендей, Төрөбаев жаңы жетекчинин жооптуу ишине ийгиликтерди каалаган.

Элчибек Жантаев 1973-жылы 8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында туулган.

Эмгек жолу:

• 2002–2003 — статист-экономист, Ак-Чий айыл өкмөтү;
• 2003–2009 — жооптуу катчы, Ак-Чий айыл өкмөтү;
• 2009–2012 — Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы;
• 2013–2014 — Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы;
• 2014–2018 — Ак-Суу районун акиминин орун басары;
• 2018–2020 — Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
• Июль 2020 — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
• Ноябрь 2020 — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
• Май 2021- Айыл чарба, суу жана Токой чарба министрлигинин,аймактарды өнүктүрүү агенттигинин директору
• Ноябрь 2021 — Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз