Понедельник, 6 мая

Эскертүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

0

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, 15-апрелде жана 16-17-апрель күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы кескин өзгөрүп, суук түшөт. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-апрелде күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, 16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

17-18-апрелде абанын температурасы төмөндөп Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13 градус болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6 (айрым жерлерде 0…-2), күндүз 6…11, Нарындын дыйканчылык аймактарында 1…6 (айрым жерлерде -1…-3), күндүз 6…11 градус жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16 градуска сууктайт.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бактардын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга зыянын тийгизиши мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз