Четверг, 2 мая

Бийликтин коррупционерлерден канча акча “кустурганы” белгилүү болду

0

Былтыр коррупцияга каршы күрөшүүдөн улам мамлекетке 10 миллиард сомдон ашык түштү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык каражат мамлекеттин бюджетине түшкөн.

Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрсүн. Кимден канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Кимден канча акча түшкөнү жөнүндө ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн «ачыкка чыгарбасаңар» деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөнүн чыгара албайбыз. Эгер саясатчыбы, журналисттерден же депутаттардан болобу кимде ким кызыкса, кайрылсын. Бардык тизмени жана суммаларды көрсөтүп беребиз. Биздин жашыра турган эч нерсебиз жок. Ачык иштейбиз«, — деди президент.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз