Четверг, 21 ноября

Түркиянын учкучсуз аскердик учагы сыноолорду ийгиликтүү өтүүдө

0

Түркиянын алгачкы учкучсуз аскердик учагы Байрактар Кызылелма конуу шассиси менен биринчи учуусун ийгиликтүү аяктады.

Машина өндүрүү жана коргонуу фирмасы Байкардын билдирүүсүнө караганда, жогорку ылдамдыкка чыгуу менен аткарылган системаны аныктоо сынагында Байрактар Кызылелма биринчи жолу жогорку ылдамдыкта жасалган маневр сыноолорун ийгиликтүү аяктады.

Түркиянын биринчи учкучсуз аскердик учагы   кечээ Текирдагдын Чорлу шаарында жайгашкан AKINCI учуу боюнча машыгуу жана сыноо борборунда жогорку ылдамдыкта биринчи жолу конуу шассиси жабык ишке ашырган  системаны аныктоо жана маневр сыноолорун ийгиликтүү ишке ашырды. Улуттук учкучсуз аскердик учагы сыноонун негизинде аянттын үстүнөн төмөндөн жогорку ылдамдык менен өттү.

Берилген маалыматка караганда ушул кезге чейин эки  прототиби ийгиликтүү өндүрүлгөн Байрактар ​​Кызылелманы өнүктүрүү жана өндүрүш иштери уланууда.

Улуттук учкучсуз аскердик учактын 2024 —  жылы массалык өндүрүшкө өтүшү пландалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз