Суббота, 27 апреля

Дүйнөдөгү эң ири кибер коргонуу машыгуусу өттү

0

НАТО 38 өлкөдөн 3000ден ашуун катышуучу менен дүйнөдөгү эң ири кибер коргонуу машыгуусун уюштурууда.

Жыл сайын өткөрүлүүчү «Кулпуланган калкандар» машыгуусу Эстониядагы НАТОнун Кибер коргонуунун Биргелешкен борбору (CCDCOE) тарабынан өткөрүлөт.

НАТОнун билдирүүсүнө караганда, кечээ башталган жана 21-апрелге чейин улана турган машыгууда компьютер системалары реалдуу убакытта кол салуулардан корголот, критикалык кырдаалда кабыл алынуучу тактикалык жана стратегиялык чечимдер симуляцияланат.

Көк жана кызыл командалар катышкан машыгууда НАТОнун CCDCOE өлкөлөрү жана өнөктөш өлкөлөрдөн турган көктөр, 400 уюштуруучу тарабынан даярдалган 5500дөн ашуун виртуалдык системада соттук, юридикалык жана медианын кыйынчылыктарына чара көрөт.

НАТОнун CCDCOE директору Март Нуурма: «Эч бир кибер коргонуу машыгуусу Locked Shields сыяктуу адистештирилген жана деталдуу тажрыйбаны сунуштай албайт. Дүйнө жүзү боюнча 24 көк команда маанилүү инфраструктуралардын жана компьютердик системалардын иштешин камсыз кылышат. Командалар системаларды реалдуу жашоодо жана жогорку басымда иштетүү үчүн эмне кыла аларын көрсөтөт»,-деди.

Нуурма техникалык маселелерден тышкары стратегиялык оюндар, укуктук маселелер жана кризистик коммуникация сыяктуу тармактарга да көңүл бура тургандарын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз