Боом капчыгайында, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 129-чакырымында таш кулатуу иштери болот. Бул туурасында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Таш кулатуу эртең, 24-апрелден тарта башталып, 28-апрелге чейин уланмакчы.
Күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маал чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүп турары айтылды. 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Мындай иштердин аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.