Четверг, 2 мая

Эмне үчүн Москвадагы парадга жалгыз гана Жапаровдун чакырылганы белгилүү болду

0

Президент Садыр Жапаров Орусия лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Москвага барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалып жатканы маалым болду.

«Өлкө лидерлери эки жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Ошондой эле Орусиянын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылууда. 2023-жылдын 9-майында Москва шаарында мамлекет башчы ардактуу конок катары Жеңиш парадына катышат», — деген Азымбакиев.

Мунун менен катар эмне себептен Москвадагы парадга чет элдик лидерлердин ичинен жалгыз гана Садыр Жапаровдун чакырылганы белгилүү болду. Орус президенти Владимир Путиндин басма-сөз катчысы Дмитрий Песков, Жеңиш парадына Садыр Жапаровдун катышуусу анын ошол күндөрү Москвага жасаган иш сапарынын алкагында боло турганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз