Воскресенье, 24 ноября

Мирзиёев тактын бекемдеди

0

Өзбекстанда өлкө Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум өттү деп эсептелинди. Референдумга 14 миллиондон ашык адам катышты.

БШК төрагасынын орун басары Бахром Кучкаров бул жалпы добуш берүүчүлөрдүн 73,17 пайызын түзөрүн билдирген. Буга чейин референдумга катышууга укуктуу делип 20 миллион адам каттоого алынган. Анын 50 пайызы добуш берүүгө катышкан учурда референдум өттү деп эсептелинет.

Өлкө Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум бүгүн саат 08:00дө 10 758 шайлоо тилкелеринде башталган. Ал саат 20:00гө чейин уланат.

Эске салсак, Өзбекстанда негизги мыйзамдын жаңы редакциясына дагы 27 беренени киргизүү, ошону менен алардын жалпы санын 128ден 155ке чейин көбөйтүү пландаштырылууда.

Атап айтканда, республиканын тургундарына президенттин ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга чейин узартуу боюнча пунктуну кабыл алуу сунушталып жатат. Кошумчалай кетсек, конституциялык мыйзам долбоору азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин бул кызматка катары менен эки мөөнөттөн кийин кайра дагы шайлануусуна жол ачат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз