Вторник, 21 мая

Түркия өзүнүн согуш учагына ат койду (Фото)

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган түрк инженерлер жасап жаткан улуттук согуштук учактын аталышынын «КААН» экенин жарыялады. Борбор шаар Анкарада «Келечектин кылымы» таанытуу программасында сөз сүйлөгөн Эрдоган, акыркы айларда коргоо өнөр жайында чоң сыймыктануулар болгонун айтып: «Азыр биз кургактыкта, деңизде жана деңиздин астында, абада, космосто бардык тармакта иш алып баруудабыз», — деди.

Коргоо өнөр жайындагы ата мекендик өндүрүштүн көрсөткүчүн 20 пайыздан 80 пайызга жогорулаткандарын түшүндүргөн президент: «Гази Мустафа Кемал «Келечек асманда» деп ишарат кылган келечектин символу болгон жыйынтыктарга бүгүн жеттик»,- деп билдирди.

Эрдоган улуттун жанын бутага алган кандуу террордук уюмдардын эч биринин жай алуусуна уруксат бербегендерин баса белгилеп: «Алдыбыздагы мезгилде да коопсуздук күчтөрүбүз менен бирге террордук уюмдардын уюктарын жок кылууну улантабыз»,-деди.

Улуттук согуштук учактын аты КААН экенин жарыялаган президент: «Түркия күчтөнгөн сайын аймагыбызда жана дүйнөдө тынчтыктын, адилеттиктин жана теңчиликтин тамыр жайганын бирге көрөбүз», — деп айтты.

Ата мекендик реактивдүү учак Хүржеттин жакын арада Аба күчтөрүнүн инвентаризациясына кошулуп, TCG Анадолу кемесине жайгаштырыла турганын белгилеген Эрдоган, Хүржеттин Түркия чыгарган курал-жарак жана радарлар менен жабдылып F-16нын жарым-жартылай ордуна өтөрүн маалымдады.

КААНдын да абдан жакын арада уча турганын кабарлаган Эрдоган: «Элестеткиле, мындай учак душманга көрүнбөстөн уюгуна кирет. Ал келгендей эле акырын өз базасына кайтып барат./…/ Бардык сыноолорду бүтүрүп, бир нече убакытта инвентаризацияга тапшырабыз. Дүйнөдөгү бул үлгүдө чыгарган 5 өлкөнүн бири болобуз», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз