ФИФА Кыргызстанда футболго инвестиция салат

0

Күн мурун Бишкекке келген ФИФАнын президентин бүгүн Садыр Жапаров кабыл алып, кыргыз футболун өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда Жанни Инфантино ФИФАнын максаттарынын бири Кыргызстанда футболдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү жана эл аралык тажрыйба менен бөлүшүү, ошондой эле спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө инвестиция салуу экендигин билдирди.

Ошол эле маалда ал Кыргызстандын футбол союзунун жакшы иштегенин баса белгилеп, ФИФА Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө максималдуу салым кошуу ниети бар экенин билдирди. Тактап айтканда, алар Ысык-Көлдөгү Балдар жана өспүрүмдөр футбол академиясына жана башка объектилерге инвестиция салууга, техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр.

Инфантино 10 жылдан бери кыргыз футболу кандай жакшы өнүгүп, татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын байкап келишкенин кошумчалады. Мындан тышкары, ал кыргызстандык футболчулардын физикалык да, техникалык жактан да талантын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз