Пятница, 18 октября

Орусияга каршы согуш жарыяландыбы?

0

Орусияга каршы кайрадан согуш жарыяланды. Бирок мамлекет эл аралык терроризмге каршы сокку уруп, өзүнүн коопсуздугун жана Донбасстын жашоочуларын коргоду. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.

«Биздин мекенге каршы кайрадан чыныгы согуш жарыяланды. Бирок биз эл аралык терроризмге каршы сокку урдук. Донбасстын жашоочуларын коргоп, өзүбүздүн коопсуздугубузду камсыздайбыз», — деди Путин Жеңиш парадында.

Ал ошондой эле Орусия үчүн Батышта дагы, Чыгышта дагы дос эмес элдер жок экенин белгиледи.

Орус президентинин бул сөздөрү жакында Орусияда атайын аскердик опперация бүтүп, жалпы согуш абалы жарыяланат деген имиш сөздөрдұ күчөттү. Кандай гана мамлекет болбосун, өзүнө карата согуш жарыяланса, анда жооп кылып согуш жарыялоого укуктуу болуп эсептелинет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз