Пятница, 18 октября

Бишкекте шайлоо өнөктүгү башталды

0

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо өнөктүгү 8-майда башталды.

Боршайкомдун басма соз кызматы билдиргендей, үгүт иштери 27-майда саат 08:00дө аяктайт.

Бул убакыт аралыгында үгүт иштери төмөнкүдөй ишке ашырылат:
• Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
• Үгүт багытында коомдук иш-чараларды өткөрүү аркылуу (митинг, чогулуш, теледебаттар), бирок калктуу конуштардын спорттук аянтчалары менен көчөлөрүндө концерт, театрлардаштырган оюн-зоокторду жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;
• басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;
• Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда;

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз