Среда, 24 апреля

Депутат: Курултайга бюджеттен акча бөлүнбөсүн

0

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев курултайларды өткөрүүгө бюджеттен каражат бөлбөөнү сунуштады.

Анын айтымында, курултайларды эки жылда бир өткөрүү керек.

«Мыйзам долбоорунда курултайдын делегаттары элдин маданиятын өстүрөт деп жазылган. Ал эми маданият министри эмне кылат? Экономикалык долбоорлорду кабыл алабыз деп жазышкан. Алар муну кантип жасашат? Андыктан ыйгарым укуктарын дагы бир жолу карап, эки жылда бир эле чогулгудай ченем киргизүү кажет», – деди депутат.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов Курултайдын мүчөлөрү жылына бир жолу эле чогулуп, көйгөйлөрдү көтөрүп, сунуштары менен бөлүшүп турушу керектигин, кайра-кайра жыйын өткөрүүгө зарылчылык жок экенин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз