Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелль Украинадагы согуштун уланып жатканын, бирок Орусиянын согушта жеңилгендигин айтты.
Боррелль Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги Эгмонт сарайында жеке бир уюмдун демилгеси менен өткөрүлгөн «Европа коргоо жана коопсуздук саммитине» катышып суроолорго жооп берди.
Украинадагы согуш тууралуу баа берген Борелль: «Орус армиясы жеңилди. Алар Киевди бир нече жуманын ичинде алууга аракет кылышты, ала албады, артка сүрүлдү,Бахмутту ала албады. Орусия бул согушта эчак эле жеңилди. Украина жеңе элек, бирок Орусия аскердик жактан даана жеңилди», — деди.
Боррелль Европа Биримдигинин Украинага көрсөткөн колдоосу согуштун созулушуна себеп болгон деген сын тууралуу суроого жооп берип: «Ооба, согушту узартуудамын, анткени Украина өзүн коргоп жатат. Эгер Украинаны колдоону токтотсок, Украина эркин жана эгемен өлкө катары картадан жок болот», — деп айтты.
Европа Биримдигинин буга чейин 17 миң украин аскерин машыктыргандыгын белгилеген Боррелль жылдын аягына чейин машыктырылган аскер саны 30 миңге жетерин билдирди.
Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүсү керектигине көңүл бурган Боррель: «Мен (АКШнын мурдагы президенти Дональд) Трамптын фанаты эмесмин, бирок ал туура айткан бир нерсе бар. Европалыктардын жүгүн бөлүшпөгөндүгүн айткан, бул туура»,- деди.