Суббота, 20 апреля

Дмитриевкада жабыркаган укук коргоо кызматкеринин абалы оорбу? Министрликтин маалыматы

0

Дмитриевка айылында шектүүнү кармоо боюнча атайын операция учурунда жабыркаган укук коргоо кызматкеринин абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 991-жылы туулган жабырлануучу Э.Т. саат 10:45те сол санына ок тийип, тез жардам кызматы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген.

Дарыгерлер Хофман аппараты менен окту алып чыгуу боюнча жана жамбашынын сөөгүнүн сыныгына операция жасашты.

Бейтаптын операциядан кийинки абалы канааттандырарлык деп бааланууда, учурда дарыланып жатат.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында атайын операциянын жүрүшүндө эки күч кызматкери жаракат алган. Бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Санынан ок тийген экинчи жабырлануучу Улуттук госпиталга жеткирилген.

Андан мурда ИИМ куралдуу каршылык көрсөткөн террорист өлтүрүлгөнүн билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз