Суббота, 20 апреля

Пригожин агынан жарылды: Атайын операциябыз ийгиликсиз болду

0

Орус согуш компаниясынын «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожин, украин армиясынын дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын бири экенин айтты.

Пригожин Telegram каналына берген маегинде, Украинанын Бахмут шаарынын толугу менен Вагнер согушкерлеринин көзөмөлүнө өткөнүн жана шаарды 1-июнга чейин орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө калтыра тургандарын билдирди.

Украинага басып кирүүнү сындаган Пригожин армиянын неонацисттерди издөө үчүн Украинага орой жол менен киргенин айтты. Орус армиясынын Киев, Херсондо ийгиликсиз боло электе чегингенин белгилеген Пригожин, Красный Лиман жана Изюмде да ийгиликке жете албагандарына көңүл бурду.

Пригожин: «Согуш Украинаны нацизмден жана милитаризмден тазалоо үчүн жүрүп жатат. Бирок биз украиндерди дүйнөгө абдан атактуу улут кылып тааныттык. Украина бардык жерде белгилүү өлкө болуп калды. Демилитаризацияга токтолсок, Украинанын 500 танкы бар десек, азыр 5 миң танкы бар. 20 миң адам согушканды билчү, азыр 400 миң адам согушканды билет. Биз кантип демилитаризацияладык? Тескерисинче болду», — деди. Пригожин: «Украина армиясы эң күчтүү армиялардын бири. Алардын уюштуруучулук структурасы, даярдыгы, чалгындоосу, курал-жарактары абдан жогору», — деп айтты.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз