Вторник, 22 октября

Алдыдагы 5 жылда күндүн табы рекорддук чекке жетет

0

Стамбулдагы Богазичи университетинин Климаттын өзгөрүшү жана саясаттарын колдонуу жана изилдөө борборунун мүдүрү, профессор доктор Левент Курназ Дүйнөлүк метеорология уюму (WMO) тарабынан жарыяланган көбөйгөн парник газдары менен Тынч океан сууларын жылыткан Эль Нино окуясынын, глобалдык жылуулукту рекорддук деңгээлге жеткире турган отчет боюнча пикирин айтты.

Левент Курназ көмүр, мунай жана жаратылыш газы аркылуу атмосферага чыккан көмүр кычкыл газы жана башка парник газдарынан улам глобалдык орточо температуранын жыл сайын бир аз дагы жогорулаганын айтты.

Акыркы жылдарда Тынч океандагы Ла Нина таасиринен улам глобалдык орточо температуранын рекорддук деңгээлге жетпегенине көңүл бурган Курназ: «Үч жылга созулган Ла-Нинадан кийин келип чыккан катуу Эль-Нино температуралык рекорддор жакынкы келечекте боло турганын анык кылды»,-деди.

2016-жылдын адамзат жашаган эң ысык жыл катары катталганын эске салган Курназ мунун эң маанилүү себептеринин биринин Тынч океандын сууларын нормадан бир топ жылуу кылган катуу Эль Нино окуясы болгонун түшүндүрдү.

Курназ: «2023-2027-жылдардын арасында бир жыл эң ысык жыл болгон 2016-жылга караганда ысык болоору дээрлик анык. Бул акыркы жылдары анчалык жогорулабаган температуранын мындан ары дагы жогорулай турганын билдирет», — деп айтты.

Курназ климаттын өзгөрүшүнүн көзөмөлдөн чыгып кетишине жол бербөө үчүн мамлекеттердин көбүрөөк иштеши керектигин белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз