Вторник, 22 октября

Путин менен Эрдоган жакынкы арада жолугушат

0

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин бетме-бет жолугушууну пландап жаткандарын билдирди.

Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Путин Эрдоганды шайлоодогу жеңиши жана кайрадан Түркиянын президенти болуп шайланышы менен куттуктап телефон чалганда, эки лидер тең жакынкы келечекте эки тараптуу жолугушуу өткөрүү ниетин тастыкташты», — деген Песков, бул жолугушуунун кайда жана качан болорунун аныкталып жаткандарын айтты.

Орусиялык катчы: «Бул жолугушуу кайда жана качан өтөөрү эки лидердин графиктерине ылайык чечилиши керек. Бирок ушундай макулдашуу бар жана бул жолугушууга даярданып жаткабызды айта алам», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз