Четверг, 25 апреля

Күрөшчү кыздарыбыз дагы жеңишке жетишти

0

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкектеги Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште алтын, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль утту.

Спорттук иш-чара Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналып уюштурулган.

Айпери Медет кызы турнирде 76 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Алгач украиналык балбанды 10:6 эсебинде жеңген. Экинчи беттеште кытайлык балбанды 6:3 эсебинде артта калтырган.

Алтын медаль үчүн беттеште кытайлык балбанды 5:3 эсебинде жеңип, 1-орунду камсыздады.

Ал эми Мээрим Жуманазарова турниоде 68 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Алгач казакстандык балбанды 1:1 эсебинде утуп, экинчи беттеште монголиялык балбанга 2:1 эсебинде жеңилип калган.

Коло байге үчүн беттеште канадалык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз