Пятница, 22 ноября

Анкара–Бишкек–Анкара багыты боюнча авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт

0

AnadoluJet авиакомпаниясынын (Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы) Анкара–Бишкек–Анкара багыты боюнча алгачкы каттамы учуп келди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.

«Жумасына 4 каттам ачуу – бул башталышы гана. Август айынан баштап Бишкектен Анкарага каттамдар күн сайын аткарыла баштайт», — деди Бишкектеги Turkish Airlines авиакомпаниясынын башкы директору О.Шафак Күчүкчолак.

Анкарага каттамдар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. 2023-жылдын август айынан тарта каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз