Понедельник, 6 мая

Садыр Жапаров июнь окуясынын 13 жылдыгына карата кайрылуу жасады

0

Президент Садыр Жапаров июнь окуясынын 13 жылдыгына карата кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы арадан бир топ жыл өтсө дагы бул кандуу калабаны, анын кесепетинен каза тапкан жүздөгөн мекендешти унутпай терең кайгыруу менен эскерип жүрөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал мындай трагедия эч качан кайталанбашы үчүн 2010-жылдын июнь окуясы баарыбызга чоң сабак болушу керектигин билдирди.

“Биз – кылымдар бою ынтымакта, тууганчылыкта жана боордоштукта жашаган көп улуттуу элбиз. Июнь окуялары мамлекеттин бүтүндүгүн жана улуттар аралык ынтымакты сактоо зарылдыгын эскертип турат. Тарыхтын бул кайгылуу сыноосу өлкө жарандарынын ортосундагы өз ара алакаларды жана улуттар аралык биримдикти бекемдөөнүн, калктын саясий маданиятын көтөрүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Бийлик бул трагедиядан сабак алып элдин ынтымагын чыңдоо маселеси ар дайым көңүл борборунда болушу керектигин аңдап-билиши абзел”, — деди Жапаров.

Президент баарына ыйык болгон Ата Мекендин коопсуздугун камсыз кылуу жеке эле мамлекеттин иши эмес, ар бир жаран милдеткер экенин айтты.

“Биз бирдиктүү эл, бирдиктүү өлкө катары биримдигибизди жана этностор аралык достугубузду бекемдеп, өнүгүп, алга кадам жасашыбыз керек. Урматтуу кыргызстандыктар, бир муштумдай түйүлүп, биримдигибиз менен гана бакубат Кыргызстанды кура алабыз, өлкөбүз өнүккөн мамлекеттердин катарына кошула турган күн алыс эмес. Ошол эле учурда ар бир кыргызстандык бул милдетти аткарууга колдон келишинче салым кошуп, аны өзүнүн ыйык парзы деп эсептөөсү маанилүү”, — деди мамлекет башчы.

Соңунда Жапаров Ата Мекенибизде тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү болушун, эл-журтубузда ынтымак өкүм сүрүшүн тиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз