Воскресенье, 24 ноября

Түркияда  ТИМдин 249 ФЕТОчу кызматкерин камоого  ордер берилди

0

Анкара динаятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен кызматташкан деген шек менен тышкы иштер министрлигинин 249 кызматкерин камакка алууга ордер берди.

Бул тууралуу NTV телеканалы билдирди. Түрк бийлиги АКШда жашаган Гүленди 2016-жылы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштүн артында турган деп күнөөлөп келет. Шектүүлөр мамлекеттик кызматка орношууда  ФЕТО менен кызматташуу аркылуу экзамендерден ийгиликтүү өткөн.

Учурда Түркиянын 43 провинциясынан 48 шектүү камакка алынды жана башкаларды дагы камакка алуу аракеттери уланууда.  Түркияда ишке ашпай калган төнкөрүштөн кийин Гүлен менен байланышы бар деген шек менен 77 миңден ашуун адам камалып, 150 миңдей мамлекеттик кызматкер иштен айдалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз