Суббота, 4 мая

Күн катуу ысыйбы? Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы

0

Шаршембиде күндүз айрым тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31…+36, Талас аймагында +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл чөлкөмүндө +24…+29 жана Нарын жергесинде +23…+28 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34…+36, Ош калаасында +35…+37, Чолпон-Ата шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз