Пятница, 3 мая

ЖКнын айрым депутаттары Кытайга иш сапары менен барды

0

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган депутаттар тобу Кытайга болгон иш сапарынын алкагында бир катар объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Саясий партиялардын Кытай — Борбор Азия диалогунун алкагында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган парламент депутаттары Айбек Маткеримов, Балбак Түлөбаев, Улугбек Ормонов, Эмиль Токтошев жана Нуржигит Кадырбеков, ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрү Кытай Эл Республикасында иш сапары менен жүрүшөт.

Алгач делегаттар Хайдиань районундагы шаардын Командалык борборуна барышып, акылдуу шаар системасы менен таанышты.

Анда инженердик тармактарды башкаруу, коомдук тартипти, жол жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү ж.б программалар көрсөтүлдү.

Андан соң депутаттар жана тараптардын өкүлдөрү Сяоми технопаркына барышып, электроника тармагындагы инновациялык жетишкендиктерди көрүштү.

Мындан тышкары, делегациянын мүчөлөрү Кытайдын Коммунисттик партиясынын тарых музейинде болушту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз