Өткөн жумада Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча эки өлкө өкмөттөрүнүн делегацияларынын сүйлөшүүсү болуп өттү. Кыргыз делегациясын чек ара боюнча өкмөттүн жаңы дайындалган өкүлү Каныбек Ботобаев жетектеди. Бул кызматты ага чейин аркалап келген Курбанбай Искандаров кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин берген арызына байланыштуу апрель айынын башында кызматынан бошотулган эле.
Кыргыз-өзбек чек ара боюнча кезектеги сүйлөшүүсүндө Кыргызстандын беш району менен чектеш аймактар маселе каралган. Бул сүйлөшүүлөргө Аксы, Ала-Бука, Баткен, Кадамжай, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун жер жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо боюнча райондук жетекчилердин катышуусунан байкалат.
Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасы 85%га делимитацияланган. Учурда сүйлөшүүлөр эң татаал участоктор боюнча жүрүп жатканы маалым.