Кыргызстанда бензиндин наркын ордунда кармап турууга мүмкүн болбой калды, июлда дагы 3 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациянын башчысы Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү майдын кымбатташы Россиядагы мунай продуктуларынын тартыштыгына жана өндүрүш заводдордун өзүндө бензиндин баасынын жогорулашына байланыштуу.