Баткенде ипотекалык үйлөр курулат

0

Баткенде үч тараптуу кол коюлган келишимдин алкагында ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, документке Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын, Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгынын жана Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын өкүлдөрү кол коюшту.

Келишимдин алкагында ипотекалык 20 турак үй Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Дөбө участкасына курулат. Алар турак жери 12 сотыхтан болгон жер тамдар болот.

Ушундай эле 29 үй Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына да курулары пландалууда. Мамлекеттик ипотека 25 жылга 4% менен берилет. Бул үйлөрдү турак жайы жок, муктаж жарандар ала алат. Учурда документтештирүү иштери жүрүүдө.

Курулуш иштери ушул жылдын күз айларында башталат, 2024-жылга үйлөрдү пайдаланууга берүү пландалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз