Пятница, 22 ноября

Орусия Киевге гиперүндүү “Кинжал” менен кол салды

0

Украинанын Киев шаарынын Аскердик башкармалыгынын башчысы Сергей Попко орус армиясынын борбор шаар  Киевге гиперүндүү “Кинжал” жана алыс аралыкка учуучу жогорку тактыктагы “Калибр” ракеталары менен кол салганын билдирди.

Попко администрациянын социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Орусиянын бүгүн Киевге катуу абадан кол салуу жасаганын белгиледи.

Орустардын баллистикалык, канаттуу ракеталарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды бир учурда колдонуп жатканын белгилеген Попко: «Киевдин айланасындагы аба мейкиндигинде 6 “Кинжал” аэробалистикалык ракетасы, 6 “Калибр” канаттуу ракетасы жана 2 чалгынчы учкучсуз учуучу учак жок кылынды», — деди.

Попко алгачкы аныктамаларга караганда кол салууда каза болгондордун жана кыйроонун болбогондугун маалымдады.

Украинанын Кургак күчтөрү командири Александр Сирский да Коргоо министрлигинин Аскердик басма сөз борборунун социалдык медиа эсебинен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө чыгыш фронттогу согушка байланыштуу абалдар тууралуу маалымат берди.

Чыгышта абалдын курч экендигине көңүл бурган Сирский: «Душман Украина бөлүктөрүнүн  түштүтөгү чабуулуна жана аймактагы позициясын жоготконуна карабастан согушка даяр бөлүктөрүн Бахмут багытына жайгаштырууну улантууда», — деди.

Сирский орустарды Бахмут жакындарынан алыстатуу үчүн дөңсөөлөрдүн жана токой тилкелеринин көзөмөлүн кайра алып, белгилүү багыттарда чабуул операцияларын улантып жатышкандарын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз