Суббота, 23 ноября

Пашинянга соттор жакпай калганда…

0

Ыңкылап жолу менен бийликке келген Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян өлкөдөгү  бардык сотторду тосмолоого чакырды. Ал муну менен “ыңкылаптын экинчи этабы” башталганын белгилеген. 20-майдан тарта анын тарапкерлери сотторду тосмолоого киришти.

Пашиянын мындай  чакырыкты Ереван соту мурунку президент Роберт Кочарянды сот залынан кийин бошоткондон кийин жасады. Армян өкмөт башчысы соттор мурунку бийлик учурунда дайындалган, ошондуктан алардын баары коррупциялашкан деп эсептейт. Бирок Жогорку сот кеңеши, оппозиция, өлкө акыйкатчысы Пашиняндын мындай кадамдарын сынга алып, бул мамлекттүүлүккө чоң доо кетирерин эскертти.

Пашиянын Кочарянды жеке душманы катары санаганы белгилүү. Анткени Кочарян 2008-жылы президенттик шайлоодон кийин нааразылык митингисин күч менен тараткан. Анда кеминде 10 адам өмүрүн жоготкон.

Кочарянды Ереван соту Тоолуу-Карабактын азыркы жана мурунку жетекчилеринин кепилдиги менен бошоткон. Ошондуктан Пашиянын-Кочарян согушунда Тоолуу-Карабак маселеси турат. Азербайжанга тиешелүү болгон бул чөлкөмдү Армения басып алган. Учурда Баку менен Ереван Тоолуу-Карабак  боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз