Кыргыз гидрометеорология агенттиги өлкөдө 24-июнга чейин аба ырайынын божомолун таратты.
Чүй облусу
18-20-21-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми 19-22-23-24-июнда жаан-чачынсыз болот.
Талас облусу
18-19-20-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Аптанын калган күндөрү күн ачык болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Өлкөнүн түштүгүндөгү облустарында аба ырайы өрөөндөрдө жаан-чачынсыз болот. Болгону тоолуу райондордо өткүн өтүшү ыктымал.
Бирок 20-июнда түздүктө дагы өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Ал эми республиканын түндүгүндө, тескерисинче, жаанчыл болот.
18-14-июнь күндөрү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Анын ичинен 20-июнь күнү жаан катуу жаайт.