Понедельник, 20 мая

«Борбор Азиядагы диндер: кече, бүгүн жана эртең»

0

Ушундай аталыштагы дискуссиялар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болуп жатат. «Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу» долбоорунун алкагында VIII Дискуссиалык клубдун мүчөлөрү диний темалар боюнча пикир алышуу жүргүзүшүүдө. Бул иш-чара 20-майдан баштап, 23-майга чейин уланат. Бул тууралуу International Alert уюмунун өкүлү Айпери Турсуналиева билдирди.

Анын айтымында, иш-чарада Борбор Азиянын аймагында диндердин тарыхы, алардын азыркы учурдагы абалы жана келечеги боюнча талкуу жүрөт. Анда бир канча теологдор жана жаштар катышат.

Иш чаранын максаты – Кыргызстанда дин жана демократия боюнча ачык пикир алышуу үчүн коомдук аянтча түзүү, бул аянтчаларда жаштарды талкуулоолорго катыштыруу жана алардын  өз ойлору менен бөлүшө алуусуна шарт түзүү болуп саналат.

Турсуналиева кошумчалагандай, мындай иш чара ар үч ай сайын өткөрүлүп турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз