Сауд Арабия ажылык ибадаты үчүн өлкөгө 1 миллион 499 миң 472 кишинин киргендигин билдирди.
Сауд Арабиянын парспорттор боюнча башкы директорлугунун Твиттер баракчасынан берилген билдирүүдө мусулмандардын ажылык ибадатын аткаруу үчүн дүйнөнүн төрт тарабынан кургактыктан, деңиз жана аба жолу менен ыйык жерлерге киргендиги эске салынды.
Өлкө тышында 21-июнь шаршемби күндөн тарта Сауд Арабияга барган ажы талапкерлери саны 1 миллион 499 миң 472 кишиге жете тургандыгы билдирилген маалыматта булардан 1 миллион 435 миң 14 кишинин аба жолу менен ыйык жерлерге келгендиги тууралуу маалымат орун алды.
