Вторник, 7 мая

Беш айда 13,5 миң киши жумуш тапты

0

Беш айдын ичинде 13,6 миңден ашуун адам иш менен камсыз болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, ушул жылдын беш айында райондук жана шаардык иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 6,1 миң адам ишке орноштурулган.

Ал эми аймактарда көрктөндүрүү боюнча акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 7,5 миң адам тартылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз