Воскресенье, 19 мая

Кыргызстандыктарга Европанын бир канча өлкөлөрүндө иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралды

0

Кыргызстандын 5 миңдей жараны Швеция, Франция жана Литва Республикасындагы ишканаларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борбору Европа союзунун өлкөлөрүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча «Евро-Виз» ЖАК (Литва) менен макулдашууга кол койду.

Макулдашуунун максаты Швециянын, Франциянын жана Литва Республикасынын ишканаларында жумуш издеген жарандарга сапаттуу жана ишенимдүү иш менен камсыз кылуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө курулуш адистиктерине, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына арыз берилди.

«Министрлик президенттин “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат, ошондуктан жыл башынан бери Калкты ишке орноштуруу борбору тарабынан 20дан ашык келишимдерге кол коюлган. Чет өлкөлөрдө жана 5 миңден ашык адам жумуш менен камсыз болгон», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз