Пятница, 22 ноября

Түркиянын чалгын кызматы Сирияда 11 террористти жок кылды

0

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 11 террорист жок кылынды.

Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму (MIT) Сириядагы Евфрат калканы операция аймагына ракеталык жана минометтук кол салууга даярданган террористтерди аныктады. Манбиждеги ПКК/ЙПГ баш калкалоочу жайларын жакындан көзөмөлдөгөн Чалгын кызматы, Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) менен бирге так чалгындоо жана байкоо иштерин жүргүздү. Кечээ Манбиж линиясындагы аныкталган чекиттерде бир убакта операция жүргүзгөн MİT 11 террористти таасирсиз кылып, ПКК/ЙПГга таандык лагерди жок кылды. Мунун менен катар Ирактын түндүгүндө да ПККнын 4 террористи жок кылынды.

Түркиянын Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө, «Террорчулардын уюгун жок кылууну улантып жатабыз.  Түндүк Иракта «Чеңгел-Кулпу» операциясында аныкталган 4 ПКК террористи Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан жок кылынды. Террорду уюгунда жок кылууга чечкиндүүбүз», — деп айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз