Суббота, 23 ноября

“Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалы башталды (Фото)

0

Бүгүн, 28-июнда Нарын шаарынын кире беришиндеги “As A Nomad” этнокомплексинде “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлайт.

Фестивалга Япониянын, Өзбекстандын, Казакстандын элчиликтеринен, Маданият министрлигинен, Соода-өнөр-жай палатасынан, Ага Хан өнүктүрүү уюмунан жана башка эл аралык уюмдардан өкүлдөр, республиканын бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер катышууда.

Маданий иш-чара «Кыргыз шырдагынын» тарыхын камтыган видеотасма жана жети дубандан келген кол өнөрчүлөрдүн парады менен башталды.

Фестивалдын алкагында “Кыргыз шырдак”, “Мурас шырдак” кароо-сынактары, “Жаш уздарды тандоо” сынагы, “Устат-шакирт” чебер-класстары өткөрүлүүдө. Мындан сырткары, улуттук тамак-аш, буюм-тайымдардын көргөзмөлөрү уюштурулуп, улуттук оюндардын үлгүлөрү, чоң программадагы майрамдык концерт көрсөтүлүүдө.

Ошондой эле туристтер үчүн Салкын-Төр аймагына экскурсия уюштурулган. Фестивалга 70тен ашык кол өнөрчүлөр келип, 300дөн ашык шырдактар коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз