Суббота, 18 мая

Тажикстандын жараны эки кишини атып өлтүрдү

0

Молдованын Кишинёв эл аралык аэропортунда ок аткан адам азыр оор абалда ооруканада. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги анын Тажикстандын жараны экендигин билдирген. Маалымат булактары кылмышка Рустам Ашуров аттуу адам шектелип жатканын жазды.

«Ал адам өлтүргөндүгү үчүн Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн. Учурда оор абалда ооруканада, аны кармоо учурунда он чакты ок тийген. Көкүрөгү, ичи, далысында бир нече жаракаттар бар. Дарыгерлер өпкөсүнүн бир бөлүгүн алып салышты. Учурда өлкөнүн атайын кызматы ал жаткан жерде нөөмөттө турушат», — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 30-июнда Кишинёв аэропортунда атышуу болгон. Анда чет элдик жаранды аэропорттон өлкөгө өткөрбөй коюшкан. Андан кийин ал чек арачы менен аэропорттун коопсуздук кызматынын өкүлүн атып өлтүргөн, мындан тышкары, дагы бир жүргүнчү жаракат алган.

Ок чыгарган адам кармалып ооруканага жеткирилген. Молдованын чек ара полициясынын башчысы Росиан Василой аэропортто коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн, мекеме убактылуу ушундай режимде иштээрин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз